(1:59 / 12.59Mb / )

Ташкент аркылуу өткөн аба жана чек арадагы кырдаал Атамбаевдин пикири

502
(жаңыланган 16:26 24.03.2016)
Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча өз пикирин билдирди.

Өлкө башчы чыңалып турган абалга карабастан, абал толугу менен көзөмөлдө экенин айтты.

"Айрым саясатчылар өзбек чек арачыларын провакациялоого аракет кылышты, бирок кудай жалгап андан эч майнап чыккан жок. Айрымдар бийликке келүү үчүн коңшулар менен согушууга да даяр", — деди президент.

Анын айтымында, ЖККУ келише албай жаткан эки тараптын бирөөсү зордук-зомбулукка барса гана маселеге кийлигишүүгө акысы бар. Ошондуктан азыр консультациялар гана болуп, кырдаалга байкоо салынып жатат.

Муну менен бирге Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга берилиши тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны сегизге кыскартылды

Өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү боюнча токтом токуган эмес
© Пресс-служба правительства КР
22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн. 

Кечээ, 23-март күнү Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

502
Белгилер:
Кыргызстан, Өзбекстан, Алмазбек Атамбаев, журналист
Тема:
Чек арадагы окуя боюнча Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү (4)
Тема боюнча
Чек ара кызматы: Чаласарт аймагында өзбек техникасынын кыймылы байкалган жок
Президент: майда Тажикстан менен чек ара боюнча келишимге кол коюлат
Бишкекте ЖК имаратынын алдында кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдан улам митинг өтүүдө
Өзбекстан чек ара боюнча жооп берди. Кыргызстан ага канааттанган жок

Эки кыргызстандыктын бири "Голос" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

57
(жаңыланган 15:55 04.12.2021)
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав "Голос" шоусунун нокауттар этабынан ийгиликтүү өтүп, кийинки турга жолдомо алды.

3-декабрь күнү эфирге чыккан берүү 18-ноябрда тартылган. Андыктан эфирден 28-ноябрь күнү көз жумган ырчы, насаатчы Александр Градскийди дагы көрүүгө болот.

Волкодав "Нокаутта" "Чиж и Ко" группасынын "Полонез" чыгармасын аткарды. Чечим кабыл алып жатканда Градский бул ырдын Волкодавдын аткаруусундагы версиясы абдан жакканын айткан.

"Александр абдан жөнөкөй жана жеткиликтүү ырдады", — деген маэстро.

Кыргызстандык ырчыны калыстар тобунун башка мүчөлөрү дагы макташты.

Экинчи кыргызстандык Адилет Жумабеков кийинки турга өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин "Урга" аталышындагы ырын аткарган.

Насаатчы Дима Билан бул этапта өзүнүн үч шакиртинин бирин гана тандашы керек болду.

Жыйынтыгында Биландын командасында музыкант Ильхом Тагиров калды.

57
Белгилер:
Александр Волкодав, 'Голос' долбоору, Адилет Жумабеков
Тема боюнча
Кыргызстандык Аскат Осмонов Азиянын келишимдүү жигити сынагына катышууда. Видео
Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды. Видео
Кыргызстандык эки ырчы тең "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү. Видео

Кыргыздар кошо гимн ырдап... Жуманазарова Велиеваны Москвада уткан видео

648
(жаңыланган 11:34 04.12.2021)
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова россиялык атаандашы Ханум Велиевадан мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Беттеш "Гран-при Москва — АЛРОСА" кубогунун алкагында болду.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында Кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Биринчи эле бөлүктө Мээрим адегенде контрчабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген. Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган

648
Белгилер:
Кыргызстан, Мээрим Жуманазарова, күрөш, балбан, жеңиш, видео
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

0
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды