Улакчынын тукуму — Екатеринбургда кыргыз намысын коргоого аттанган Үмүтай

Жазылуу
Чет жерде иштеп, кара жаны менен алек болбой, элинин намысын коргоп, өлкө желегин бийикте кармайм деген мекендештерибиз бар. Алардын бири — улакчынын тукуму, Екатеринбург шаарында жашап, иштеп жүргөн Үмүтай Айтиева азыр 25 жашта. Биздин каарман Ош облусунун Араван районундагы Сталин атындагы айылда туулган.

Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова Инчхондо коло медалы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды дүйнөгө дүңгүрөткөн 8 спортчу айым
Ал тогузунчу классты аяктагандан кийин спорт дүйнөсүнө баш-оту менен кириптир. Бишкекте жашап жүргөндө 2011-2012-жылдары кикбоксингдин май-тай түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, ал эми 2013-2015-жылдары өлкөнүн бокс боюнча чемпиондук титулун алыптыр. 

Үмүтай Екатеринбург шаарына 2014-жылы иш издеп келген. Учурда шаардагы соода түйүндөрдүн биринде иштейт. Жумуштан соң машыгуу үчүн атайын залга да барып турат. Спортчу кыздын айтымында, ар бирин адам өзүнүн ден соолугу үчүн спорт менен машыгуусу шарт.

"Менин көксөгөнүм — ден соолугума кам көрүү менен бирге өлкөмдүн желегин бийиктерге желбиртүү", — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде.

Анын чет жердеги алгачкы ири ийгилиги — Тюмень шаарында өткөн эрежесиз эр урушта биринчи орунду алып, өзүнүн бир топ оор салмактагы атаандашын жеңгени болуптур. 

"Ал мелдеште атаандашымдын салмагы 12 килограммга көп экендигин айтышты. Бирок, даярданып алгандан кийин, жеңем деп чечтим. Акырында, ийгиликке жетим ", — дейт Айтиева.

Биз анын башка кыздардай болуп сулуулук салондоруна барып, кашы-көзүн чийдирип жасанаарына кызыктык.

"Өмүрүмдү боёонуп көргөн эмесмин, өзүмдүн сулуулугум эле жетет", — деп жарк этип күлдү спортчу кыз.

Үмүтай үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү, өзүнөн улуу агасы жана эки эжеси бар. Учурда синдиси менен чогуу жашайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0