Шектүү баштык, милиция. БУУнун Бишкектеги кеңсеси курчоого алынды

Жазылуу
29-мартта түштөн кийин көчөдөн өтүп бараткан жарандар имараттын жанындагы шектүү баштыкты байкашкан.

Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл аэропортундагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок
БУУнун Бишкектеги кеңсесине бомба коюлду деген маалымат калп болуп чыкты. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге Биринчи Май райондук ИИБдин кызматкерлери келишип, аймакты курчоого алган. Башкы штабдын саперлору окуя болгон жерге келип, шектүү баштыкты алып кетишти. Анын ичинде эч кандай бомба болбогону айтылууда.

Имараттын айланасына коюлган тосмолор алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0