Бишкекте баланы талап кеткен иттин ээси: менин итим жоош

Жазылуу
Ротвейлер итинен жабыркаган баланын атасы башкалардын запкы көрбөшү үчүн аны атып салыш керек деп эсептейт.

Бишкекте кичинекей балага кол салган ротвейлер итинин ээси Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы меен сүйлөшүп жатып, итинин жоош экенин айтты.

30-мартта Бишкекте Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде машыгуудан үйүнө кайтып келе жаткан 7 жаштагы балага ротвейлер кол салган.

"Ит өзү жоош. Кырсык болду. Үйдө эч ким жок болчу. Балким ууру үйгө кирүүгө аракет кылгандыр. Ошол эшикти ачып кеткен окшойт. Анан ит чыгып кеткен да", — деди иттин ээси телефондон.

Баланы тиштеп алып кое бербей жаткан итти жолдон өтүп бараткан жаштар ажыратууга аракет кылышкан. Бирок алардын күчү жетпей койгон. Жабырлануучуну №4 троллейбустун айдоочусу Мелис Кылмырзаев куткарып калган. 

"Троллейбусту токтотуп, атып чыктым. Итти тепкилей баштадым. Ары жактан бир жигит чуркап келип таш менен аны бир койду. Ошондон кийин гана ит баланы кое берип, жай баракат басып кетти", — деди Кылмырзаев.

Ротвейлер итинен жабыркаган баланын атасы башкалардын запкы көрбөшү үчүн аны атып салыш керек деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0