Тажикстандан келген Джаз-бэнд кыргыздын "Эсимде" чыгармасын аткарды

Жазылуу
Бишкек шаарында эл аралык "Джаз. Бишкек. Жаз — 2016" фестивалы өтүүдө.

Он биринчи ирет өтүп жаткан фестиваль 6-11-апрель күндөрү болуп, ага АКШ, Германия, Италия, Австрия, Швейцария, Өзбекистан, Тажикстан, жана Кыргызстандын атынан 11 топ катышат. 

Фестивалдын жүрүшүндө тажикстандык "DUDJSH-SIPAR" тобу сөзү Атай Огонбаевдин "Эимде" аттуу чыгармасын жогорку деңгээлде аткарды. 

"Биз этно-джаз стилинде ойнойбуз. Ар бирибиздин көп жылдык тажрыйбабыз болгону менен бул стиль биз үчүн жаңы ачылыш", — дейт топтун мүчөсү. 

Битломания күнүнө карата The Beatles тобунун ырын кыргызча аткарышты
Анын айтымында, топ жакында эле түзүлгөн. Анткен менен аз убакыт ичинде күйөрмандарды топтоого жетише алды. 

Джаз фестивалынын уюштуруучусу "Борбор Азия – Арт Менеджмент" коомдук фонду болуп эсептелет. Ал Кристенсен (АКШ) фонду менен АКШнын элчилиги, Швейцария, Австрия, Германия, Италия, Гете институту жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүп жатат. 

Эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0