(0:56 / 5.78Mb / )

Сузакта мойнунда жүнү, бутунда кайык калагындай манжалары бар куш кармалды

777
(жаңыланган 21:16 11.04.2016)
Он күндөн бери айыл тургундары кармалган куш кайсы канаттуу экенин билбей келет. Сырткы келбети өрдөккө окшош болгону менен мойнунда үрпөйгөн жүндөрү, бутунда кайык калагындай манжалары бар.

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын тургундары талаада жүргөн жеринен белгисиз канаттууну кармап алышып, үй шартында багып жатышат. Он күндөн бери айыл тургундары кармалган куш кайсы канаттуу экенин билбей келет. Сырткы келбети өрдөккө окшош болгону менен, мойнунда үрпөйгөн жүндөрү, бутунда кайык калагындай манжалары бар. 

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш айылынын тургуну Тимур Нуралиев он күн мурун талаадагы шалысын оргону бара жатып, өрдөккө окшош жаныбарды кармап алган. Айыл тургундары бул жаныбардын аталышын билбегендиктен, Нуралиев аны "кобра куш" деп атап алган. Анткени анын мойнунда жүндөрү кобранын элесине окшоп кетет. 

Аталган жаныбар учурда капаста багылууда. Ал балык, бака менен тамактанат. 

Кармалган канаттуунун сүрөтүн көргөн орнитолог Эмил Шүкүров Sputnik Кыргызстан агенттигине канаттуунун "Чоң арам өрдөк" экенин билдирди. Анын айтымында, бул канаттуу өлкөдө эки ай гана туруп, башка өлкөлөргө учуп кетет. Алар Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көлдө жашашат. Чоң арам өрдөк Кызыл китепке кирген. 

777
Белгилер:
жаныбарлар, өрдөк, Сузак району
Тема боюнча
Баджита, телодерма, чымчык жегич жөргөмүш — буларды Кыргызстандан көрдүңүз беле?
Кыргызстанда табылган жылан National Geographic журналынын биринчи бетине чыкты

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Видео

117
(жаңыланган 11:32 24.10.2020)
Бул клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Бишкекте 100 орунга ылайыкташкан оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы имараттын жалпы аянты 2 310 чарчы метрди түзүп, ал коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу максатында өкмөттүн буйругу менен салынды.

Курулуш иштери 2020-жылдын 23-июлунда башталып, августтун соңу менен бүтмөк. Эки айга кечиккен корпус жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Жаңы оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында жайгашкан жана изоляцияланган бокстардан, реанимациядан турат.

Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди

Клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Бул инфекциялык ооруулар менен иштөө үчүн иштелип чыккан, аба жана саркынды сууларды толугу менен зыянсыздандырган жана индивидуалдуу аба соргучу бар мельцер бокстары бар.

"Ооруканага 180ге жакын медициналык жабдыктар, эмерек, ошондой эле тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир мобилдик рентген аппараты, 10 даана өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараты (ИВЛ), 20 даана жогорку агымдуу кычкылтек менен камсыз кылуучу аппарат (БИПАП), 62 даана кычкылтек менен каныктыруу аппараты орнотулду. 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык аппарат, 26дан ашык бейтаптарды индивидуалдуу түрдө көзөмөлдөө аппараты жана 1 көчмө УЗИ аппараты менен жабдылды", — деп айтылат маалыматта.

Жандандыруу блогу залдан, обочолонгон интенсивдүү терапия бокстарынан жана оор абалда жаткан бейтаптар үчүн күнү-түнү реанимациялык чараларды камсыз кылган палаталардан турат. Реанимация бөлүмүндө 30 керебет бар. Дарылоочу жана реанимациялык бокстар заманбап жабдуулар жана оорулуунун жашап кетүүсүнө кубат берүүчү жабдыктар менен жабдылган. Бардык палаталарды борбордук кычкылтек менен камсыз кылуу уюштурулганы айтылды.

117
Белгилер:
курулуш, оорукана, жугуштуу инфекция, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрылуу керек? Телефондор
Кыргызстандагы коронавирус: 582 киши ооруп калды, 324 бейтап сакайды

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчыларынын жыйыны. Видео

195
(жаңыланган 17:22 23.10.2020)
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда, Россия Федерациясына барган. Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуулардын соңунда Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров журналисттерге маалымат жыйын курду.

195
Белгилер:
түз эфир, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев Россияга барып, реформа жүргүзүүгө каражат сурады
Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

0
(жаңыланган 17:55 24.10.2020)
Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен көп маселелерди талкуулаганын, анын ичинде Кыргызстандын бюджетине колдоо катары финансылык жардам тууралуу дагы сөз болгонун айтты.

"Дмитрий Николаевич Козак жана анын кесиптештери менен жолуктук. Россия тарап Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн абалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду", — деди Казакбаев.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Ошондой эле жолугушууда Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болду.

"Биздин өкмөттүн иши, алдыда келе жаткан саясий иш-чаралар тууралуу кеп кылдык. Анан, албетте, азыркыдай катаал убакта Россия тараптан Кыргызстандын бюджетин колдоо иретинде берген жардам тууралуу сүйлөштүк", — деди ТИМ башчысы.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россия Федерациясына иш сапары менен барган.

0
Белгилер:
жардам, каражат, экономика, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди