Тик учакты башкарган аскер шумкарлары. Полигонго ашыккан ага лейтенант

Жазылуу
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жаш учкучтар курамындагылардын беш экипажы "Аскер шумкарлары-2016" деп аталган иш-чаранын алкагында таймашууда.

БТР айдаган аскерлер жана тикенек зымдын алдынан жөргөлөгөн "Скорпиончулар"
Максат — учкучтардын теориялык билимин, учуу, конуу боюнча аскердик-техникалык даярдыгын жана полигондо куралдарды колдонууну, тоолуу аймактарга конуп, андан ары жашап кетүүгө жөндөмдүүлүгүн текшерүү болду.

Катышкандар "экипаждын мыкты командири", "учкуч-штурман" жана "МИ-8 МТВ тик учагынын алдыңкы борт-механиги" наамдарына ээ болууга аракет кылып жатышат. 

Бүгүн МИ-8 тик учактарында пилоттордун жөндөмдүүлүгү, тажрыйбасы сыналды. Алардын бири — ага лейтенант Бакыт Рахманов. Ал №23561 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп, Тик учактар эскадрелиясынын командиринин учкучтарды даярдоо боюнча командирдин орун басары болуп саналат. Рахманов бүгүнкү абадагы таймаш жана учакты кантип башкаруу туурасында айтып берди.

"Бул таймашка эки ай даярдандык. Биринчи экипаж болуп учтум. Бийиктикте шамал абдан тоскоолдук кылды. Бүгүнкү таймаш эртең Балыкчыдагы полигондо уланат. Анда ракета, бомба атуу боюнча жөндөмүбүздү көрсөтөбүз",— деди Рахманов.

Буга чейин экипаж алган билимин, авиатехникаларсыз ыкчам аракеттерди жасап, чечим кабыл алуу боюнча тапкычтыгын көрсөтүшкөн.

Таймаш Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын №23565 аскер бөлүгүнүн базасында өтүп, ал 29-апрелге чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0