Кайгуул милициясы адам өмүрүн алган жол кырсыгын каттап калган видеону таратты

Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинин улам жөө жүргүнчү каза болуп, айдоочу из жашырып кеткен. Тартылган тасмада адамды сүзгөн унаа Toyota Ist үлүгүсүнө окшоп кетет.

Жибек Жолу проспекти менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинде унаа жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Сыртты көзөмөлдөө камересы аталган окуяны тартып калган. Алдын ала маалыматтар боюнча адамды сүзгөн унаа Toyota Ist үлүгүсүндө болгон. 

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жибек Жолу көчөсүндө кишини тебелеп кеткен айдоочу милиционер болушу мүмкүн
Мурдараак тез жардам кызматы тарабынан түңкү саат 04:00дө айдоочу эки жөө жүргүнчүнү сүзүп, бирөөсү мерт кеткени кабарланган. Кырсыкка кабылгандардын экинчиси оор абалда Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылган. 

Камерада бир кишинин дүкөндөн азык-түлүк алып, жолду бойлой басып кеткени көрүнөт. Көп өтпөй ал тараптан жогорку ылдамдыкта унаанын айдап өткөнү түшүрүлгөн. Дөңгөлөк астында адам калганы көрүнүп турат. 

Кайгуул милициясы аталган кырсык боюнча жарандарга кайрылуу жасап, кырсык боюнча маалыматка ээ болгондорду 53 01 81 телефон номерине кабарлап коюуну өтүнөт. 

Укук коргоо органдары адам өмүрү кыйылган кырсыкты жасаган айдоочуну өз ыктыяры менен милиция органдарына келип, көрсөтмө берүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0