ЦУМдун жанындагы фонтан жана тосулган тосмо. Мажүрүм талдын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Шейшемби күнү окурман WhatsApp аркылуу "Айчүрөк" борбордук универмагынын жанындагы фонтан менен мажүрүм тал тосулганын билдирген.

Соода борборунун администрациясы фонтанды оңдоо иштеринен улам имараттын батыш тарабына убактылуу тосмо коюлганын маалымдады.

"Плиткаларды алмаштырып, отургучтарды жаңыртабыз. Мажүрүм талга тийбейбиз", — деп соода борбордун администрациясынан ишендиришти.

Ал эми Бишкек мэриясы "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы фонтандын жанында жүргөн кишилерге куурап калган бактын бутактары түшүп кетпеши үчүн кыркып жатканын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0