Курал менен кармалган жигит: Бишкекке курал-жаракты катуу үчүн бараткам

Жазылуу
Буга чейин Токмоктон Бишкекти көздөй келе жаткан унаа токтотулуп, анын ичинде үч жаш жигит бар экени айтылган. Тинтүү учурунда салондон бир даана 16-калибрдеги ок атуучу кыска кесилген курал, 16-калибрдеги төрт даана гильза, үч колго жасалган бычак, бир таяк, бет кап жана үч даана кол кап табылган.

Кармалгандардын бири Токмок — Бишкек жолунан ок-дары салынган баштык таап алганын, ал эми шаарга аны катуу үчүн баратканын айтып берди. 

Кайгуул милициясы адам өмүрүн алган жол кырсыгын каттап калган видеону таратты
ШИИБдин маалыматы боюнча 20-апрелде саат 23:00 чамасында кара түстөгү шектүү Toyota Altezza токтотулган. Алдын ала божомол боюнча анда каракчылык иштерге белсенген куралчан жигиттер бар экени айтылган. Тинтүүнүн натыйжасында унаадагы баштыктан 16-калибрдеги ок атуучу кыска кесилген курал, 16-калибрдеги төрт даана гильза, үч колго жасалган бычак, бир таяк, бет кап жана үч даана кол кап табылган.

Жигиттер ок-дары салынган баштык тууралуу кармалгандардын бирөөсү гана билерин айтышкан. 

"Досторум баштыкта эмне бар экенин билишкен эмес. Аны Токмокто короону жыйнап жатып мурун эле таап алгам. Негедир милицияга кайрылуу оюма келбептир", — деди баштыктын ээси.

Кармалгандардын баары Токмок шаарынын тургундары экени, буга чейин үчөө тең соттолуп чыкканы белгилүү болду. 

Аталган факт Биринчи Май РИИБда каттоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0