(1:31 / 9.51Mb / )

Баткен: мындан төрт миң жыл мурда ташка чегилиши мүмкүн деген тарыхый эстеликтер табылды

357
(жаңыланган 10:48 09.07.2016)
Баткен шаарынын Түндүк батыш тарабындагы Кызыл-Жол кварталынын "Эгиз-Кара-Тоо" аймагында аскадагы таштарга чегилген байыркы сүрөттөр табылды. Учурда аймакты тосуп, камкордукка алуу маселеси көтөрүлүүдө.

Аймакты учурда Баткен мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров баш болгон тарыхчылар жана студенттер изилдеп жатышат. 

Тарыхчы Кадыров тоонун айланасындагы бул таштарга ар кыл жаныбарлардын, адамдардын жана көп жерде күндүн сүрөттөрү түшүрүлгөндүгүн айтып берди.

Анын айтымында, мындай таштагы тарыхый эстеликтер б.з.ч II жылга таандык деген гипотезалар айтылып келет. 

Таштарды алгач ирет БатМУнун студенти Талантбек Юсоев байкап, мектеп мугалимине жана кийинчерээк аталган университеттин тарыхчыларына билдирген.

Буга чейин жергиликтүү эл ташка чегилген бул тарыхый эстеликтердин баалуу табылга экендигине маани бербей, курулуш материал катары иштетип келген.

Юсоевдин айтымында, бул окумуштууларды кызыктыра баштаганда гана демилге көтөрүлүп, "Эгиз-Кара-Тоо" айланасы корукка алынганы жатат.

357
Белгилер:
Баткен, Баткен Университети, таштагы жазуу, тарых
Тема боюнча
Ачык асман алдында кулпуруп өскөн айгүл гүлү
Башка өлкөлөрдүн бренди менен экспорттолгон Баткендин күрүчү

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу

19
"Ала-Тоо" аянтында "Ветер перемен" аталышындагы акция өттү. Аны мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева уюштурду.

Акция саясий репрессияга каршы багытталып, Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналды. Шагиева көргөзмөгө бир нече картиналарын жана тематикалык инсталляцияларды алып чыкты. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Иш-чарага Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышты.

Атамбаев эки жылдан бери абакта отурат. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу учурда №47 колонияда кармалууда.

19
Белгилер:
Алия Шагиева, акция, көргөзмө, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту

Рахмондун сыйын көргөн президенттер. Достук кеченин видеосу

1894
(жаңыланган 14:24 17.09.2021)
Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн.

ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги президенттин маалымат кызматына таянып кабарлады.

  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон организовал неофициальный банкет в честь глав государств — членов ОДКБ и ШОС, а также почетных гостей мероприятий.
    ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду
  • Выставка сельскохозяйственной продукции и национальных блюд в резиденции президента Таджикистана Эмомали Рахмона
    Билдирмеге караганда, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн
  • Выставка сельскохозяйственной продукции и национальных блюд в резиденции президента Таджикистана Эмомали Рахмона
    Анда мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон организовал неофициальный банкет в честь глав государств — членов ОДКБ и ШОС, а также почетных гостей мероприятий.
    Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты
  • Президент Таджикистана Эмомали Рахмон организовал неофициальный банкет в честь глав государств — членов ОДКБ и ШОС, а также почетных гостей мероприятий.
    Достук кечеси Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына арналган.
1 / 5
ЖККУ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Душенбедеги Өкмөт үйүндө өткөн жыйыны аяктагандан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокторго достук кечесин уюштурду

Билдирмеге караганда, Өкмөт үйүнүн атайын бөлүнгөн аймагында Эмомали Рахмон конокторго айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрсөткөн. Анда мөмө-жемиш, кургатылган жемиш, коон, дарбыз жана өлкөнүн улуттук тамак-ашы өзгөчө кооздолуп коюлган.

Кечеге Беларусь башчысы Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Пакистан ислам республикасынын өкмөт башчысы Имран Хан катышты.

Достук кечеси Тажикстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына арналган.

Маалым болгондой, коноктор жылуу, достук маанайда сүйлөшүп, меймандостугу үчүн Тажикстан президентине ыраазычылык билдиришкен.

1894
Белгилер:
Тажикстан, ШКУ, ЖККУ, конок, сыйлоо, Эмомали Рахмон
Тема боюнча
ЖККУ жыйыны. Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени козгоду
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды. Сүрөт
ЖККУ өлкөлөрү аскердик полиция түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту