Кылыктанып бийлеген темир гейша. Окуучу кыздардын колунан чыккан робот кыз

Жазылуу
Борбор калаадагы кыздар лицейинин окуучулары Элина Абдикаримова, Айгерим Абдурасулова жана Мадина Курбанова "Роботтор таймашына" робот жасап, ага "Гейша" деп ысым ыйгарышты.

Тогузунчу класстын кыздарынын колунан чыккан робот желпүүрдү кармап бийлеп эле тим болбостон түрдүү көнүгүүлөрдү жасай алат. Темир кызды алар эки күндө кураганы менен программалоо иштерине эки жума кеткен. Алар гейшаны жөн жерден тандабаганын айтышат.

"Гейшанын бийи абдан кооз болгондуктан биз аны тандап алдык. Робот дагы кыймыл-аракетти ийкемдүү кылып аткарат. Анын кийимин тигүү бир аз кыйынчылык жаратты. Себеби, көйнөктөр жарашыктуу болушу керек", – дейт Элина Абдикаримова.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган лицейдин окуучу балдары кара жорго бийлеген робот жасашкан болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0