Кыргызстандын тай боксчулары улуттук курамга кирүү үчүн күч сынашты

Жазылуу
Жекшемби күнү спорттун муай тай түрү боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү. Анда спортчулар улуттук курамга кирүү үчүн ат салышты.

КРдин тай бокс федерациясынын президенти Елена Шевченконун айтымында, турнирде мыкты аталгандар улуттук курамдын катарын толуктап,18-25-май күндөрү Швециянын Йенчепинг шаарында өтчү дүйнөлүк мелдешке барышат.

"Швецияда биздин спортчулар "Бүткүл дүйнөлүк оюндар-2017" мелдешине жолдомо алуу укугу үчүн күч сынашат. Бүткүл дүйнөлүк оюндар төрт жылда бир өтүп, анда спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча жарыш болот. Быйыл оюндар Польшада өтөт", — дейт Шевченко.

Ал рингде күчтүү спортчулар күч сынашканын, турнирдин жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0