Апрель айынан тарта таштанды жайында социалдык көчүрмө блок (СКБ) түзүлгөн. Ал таштанды жайындагы акыр-чикир чогулткандарга кеңеш берип, аларды жумушка орноштуруу маселелерин карап, колдоо көрсөтүү максатында ачылган. СКБнын эки жыл иштөөсү пландалган.
"Бишкек шаарындагы таштандыларды иретке келтирүү" долбоору Европа банкынын колдоосу менен Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылууда.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
Маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүп 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган. Ал арада айрымдары каттамга чыкпай койгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тарифти көтөрүүгө даяр экенин, бирок азыр дароо ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдирди. Аны менен катар бүгүн жумушка чыкпай койгон маршруттук каттамдын лицензиясы алынып, башкаларга берилерин эскертти.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документти өкмөттүн сайтынан көрүүгө болот.
Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.
"Кыргызстандын бул секторлорду өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң, бирок акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыздан ашпай келет. Анткени көпчүлүгү көмүскө иштеп жатат. Бул документ тармакты өнүктүрүп, жолго коюуга шарт түзөт", — деп айтылат негиздемеде.
Эске салсак, Экономика министрлиги аталган концепцияны 2020-жылдын август айынан бери колго алган.
Ведомство креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.