Автоунаасын туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул салынган айдоочулардын жүздөрү

Жазылуу
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул милициясынан парламенттин жака-белиндеги тротуарга автоунаасын токтоткон фактыларды аныктап жана чара көрүү боюнча атайын топ жиберилгендигин билдиришти.

Аталган аймакка келген Кайгуул милициясынын өкүлдөрү Ак үйдүн жанындагы тротуарга автоунаасын токтоткондорду айып пулга жыкты.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын маалыматына караганда, ал жердеги күбөлөр 5-6 автоунаа ээлерине айып пул салынганын айтып беришти. 

Мындай "иш-аракеттер" үчүн акчалай жаза көлөмү 1 017 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0