Бөйрөк оорусуна кабылгандар өкмөттүн дарыларды тендер аркылуу алуусуна каршы

Жазылуу
Бөйрөк оорусуна кабылгандар дарыларды тендер аркылуу сатып алууну токтотууну өкмөттөн суранышууда. Себеби, дарылар Кыргызстанга келгенде 2-3 эсе кымбаттап кетип жатат.

"Надежда на жизнь" коомдук бирикмесинин төрагасы Уран Ибраимовдун айтымында, бөйрөк оорусуна чалдыккандар жыл санап өсүүдө.

"Оор операциялардын көбү чет мамлекетте жасалат. Андыктан ага көп каражат керек. Бөйрөгүн алмаштырган адам өмүр бою дары ичүүгө туура келет. Бизде ал дарылар аябай кымбат", — дейт ал.

Ибраимов ошондой эле мамлекет жыл сайын маанилүү болгон дарыларды сатып алууга 10 миллион 800 миң сом бөлөрүн кошумчалады. Ушундай эле сумма былтыр бөлүнгөнүн, бирок, быйыл оорулардын саны көбөйгөндүктөн дарылар бир айга гана жетерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0