Темир комуз кагып, кыргыздын улуттук кийимин кийген биздин Катя

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин колумнисти Екатерина Михайлова кыргыздардын салт-санаасын, үрп-адатын үйрөнүүнү улантып жатат.

Ал буга чейин чачын беш көкүл өрдүрүп, кыргыз кызынын образын жараткан. Андан сырткары шырдак жасоо ыкмаларын үйрөнгөн. Бул жолу улуттук аспаптарга кызыгып, темир комузду кагып көрдү.

Михайлова темир комузду сыртынан караганда оңой көрүнгөнү менен аны өздөштөрүү бир аз кыйынчылык жаратканын айтат.

"Менин музыкалык билимин жок. Андыктан мен аспапты туура кармап, айрым үндөрдү чыгарганыма сүйүндүм. Темир комузду созолонто кагып, үйрөнүүгө көп убакыт жана күч керек. Башкысы каалоо болуш керек", — дейт ал.

Михайлова кыска убакыт ичинде бир аз да болсо чертүүнү үйрөнгөнүнө кубанычта экенин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү инфографикасынан кыргыздын 11 музыкалык аспабы кандай жаңырарын угуп көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0