Жерден чыккан кара май. Майлуу-Сууда агын суунун булганышы жылдан жылга көбөйүүдө

Жазылуу
Акыркы жылдары агын сууга кошулган кара майдын көлөмү көбөйүп, жергиликтүү дыйкандар үчүн көйгөй жаратууда.

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын тургундары жерден чыккан кара майдын агын сууга кошулуусу жыл сайын көбөйүп жатканына тынчсызданышууда. Аталган агын суудан мал-жандыктар эле ичпестен, жайкысын жаш балдар да чөмүлөт. 

"Бул жерде жашаганыма 57 жыл болду. Акыркы үч айдан бери кара май көбөйүп кетти", — дейт айыл тургуну Кадырмамат Мадиев. 

Ал эми шаар жетекчилиги бул маселени чечүү үчүн бир катар министрликтирге кат жолдогон. Анткен менен маселе ушу кезге чейин чечилбей келет. 

Бул сайдын суусунан Ноокен районундагы дыйкандар эгин талаасына пайдаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0