(0:56 / 5.53Mb / )

Премьер Жээнбеков CASA-1000 түркүгүнүн бурамасын бурады

178
(жаңыланган 19:21 12.05.2016)
CASA-1000 (Central Asia — South Asia) энергетикалык долбоорунун салтанаттуу ачылыш аземи бейшемби күнү Тажикстандын Турсунзаде шаарында президент Эмомали Рахмон менен төрт өлкөнүн премьер-министрлеринин катышуусу менен өттү.

Темир түркүктү буроо үчүн өкмөт башчыларга символикалуу ачкыч тапшырылды. Мындан кийин төрт мамлекеттин делегация жетекчилери старттын кнопкасын басышты. Андан соң президент Рахмон менен өкмөт башчыларга долбоордун маалыматтык стендин тартуулашты.

Ушуну менен долбоордун курулушу расмий башталды. 

CASA-1000 долбоору Борбор Азиядан (Кыргызстан, Тажикстан) Түштүк Азия мамлекеттерине жай айында 1300 МВт электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор аяктагандан кийин электр энергиясы 470 чакырымдагы жогорку чыңалуудагы линия аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтөт. Андан ары электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга кетет. Долбоордун алкагында 750 чакырым жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Ал 2016-2020-жылдары ишке ашат.

178
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, түркүк, CASA-1000 долбоору
Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
Тема боюнча
Жээнбеков: CASA-1000 долбоорунун зарылдыгы башынан эле айкын болчу
Эксперт: CASA-1000 РФ менен КРдин энергетика жаатында чогуу иштешүүсүн шарттайт

Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео

36
Алматыдагы эл аралык фестивалда бишкектик чыгармачыл топ тарткан тасма "Мыкты фильм" номинациясында жеңишке жетти. Бир минуталык чакан тасмада экология темасы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандыктар тарткан чакан фильм мыкты деп табылганын фетивалдын PR-менеджери Олеся Колесниченко кабарлады.

Сынактын шарты боюнча, смартфондун камерасына тартылган тасмаларын Кыргызстан, Казакстан, Испания, Түштүк Корея, Япония, АКШ, Россия сыяктуу 16 өлкөнүн өкүлдөрү тартуулаган.

Кыска метраждуу (12 мүнөткө чейин) "Мыкты фильм" номинациясын бишкектик чыгармачыл топ тарткан Present for Future тасмасы утту.

Анда кичинкей кыздын жашыл токойду аралап, чымчыктын үнүнөн рахат алып жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок чындыгында ал виртуалдык реалдуулукта жүргөнү, өзү көз айнек тагынып караңгы бөлмөдө турганы көрсөтүлөт.

"Жаратылышка аяр мамиле кылбасак, дал ушундай келечекке туш болобуз", — дейт тасманын режиссеру.

Киноиндустриянын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу фильмге мыкты деген баа берген.

36
Белгилер:
тасма, фестиваль, Бишкек, Алматы, жеңиш, экология
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат

Асма керебетке чыга албай убара болгон аюулардын күлкүлүү видеосу

49
АКШдагы Грейт-Смоки-Маунтинс улуттук паркына барган туристтердин бири аюулардын жылмайткан учурун видеого тартып алган.

National Geographic Россия сайтында жазылгандай, АКШнын аймагында 25 000дей аюу бар. Анын ичинен 1 500ү Грейт-Смоки-Маунтинс улуттук паркында жашайт.

5-октябрда туристтердин бири өздөрү жашаган үйдүн жанынан кызык учурду байкап калган. Анда 2-3 аюу бакта илинип турган эс алчу керебетке чыгууга аракет кылган. Бирок майнап чыккан эмес. Видеодон көрүнүп тургандай, алгач торго бирөө жабышкан, андан кийин ага экинчиси кошулуп, бир маалда экөө тең чыга албай жыгылып түшкөн.

49
Белгилер:
АКШ, аюу, тор, видео
Тема боюнча
Суудан атып чыгып, тартып жүргөн дронду тиштеп алган крокодил. Видео

Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү

0
(жаңыланган 20:01 16.10.2021)
Ар апта сайын Sputnik Кыргызстан колдон алынган автоунаалардын баасы тууралуу маалымат берет. Бул жолкусунда эл оозундагы жолтандабас менен кроссоверлердин наркына баам салдык.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Өтүмдүү автоунаалардын алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Инфографикада жылы жаңы автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Биз сатуучулар сураган баанын орточо ченин беребиз. Демек, баа дал ушундай деп айтууга болбойт.

Тизмедеги автолордун басымдуу бөлүгү орточо 200-1500 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка.

Ал эми Volkswagen Touareg менен Toyota RAV4 орточо 200-500 долларга арзандаган.

0
Белгилер:
автоунаа, базар, баалар, соода
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы