Түлеев Нарымбаев эмне үчүн акча алып жаткан жеринен кармалбай калганын айтып берди

Жазылуу
Жакында эле абактан бошотулган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев журналисттер менен жолукту. Жыйында экс-мэр президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев андан пара талап кылганын айтып берди.

Нарымбаевге карата соттун чечими чыга элек болсо дагы Түлеев анын күнөөсү бар экендигине толук ишенет. 

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түлеев эмне дейт?
"Бул абдан дыкат уюштурулган операция болчу. Нарымбаев акча алып жатканда кармалбаганына Кудай деп сүйүнсүн. Негизи кармалганда бир-эки саат создугат, бирок Коркмазов Нарымбаевди дароо эле сатып салды. Колун көтөрүп бул анын акчасы эмес экенин айтты. Операция Коркмазовдон эле аягына чыкпай калды. Анткени, менин кызым Коркмазов жана Нарымбаев менен жолугуп, аларга акча бериши керек болчу. Ал жолугушууну Нарымбаев өзү демилгелеген", — деп билдирди Түлеев. 

Депутат Коркмазов менен президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Нарымбаев өткөн жылдын орто ченинде Түлеевдин үй-бүлөсүнөн пара талап кылууга шектелип кармалышкан. Натыйжада Нарымбаев биринчи инстанциянын чечими менен үч жылга камакка алынган. Учурда бул иш экинчи инстанцияда каралып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0