(1:25 / 8.58Mb / )

Аринбасарова Алтынай менен Жамийла кайрадан кыргыз жеринде

217
(жаңыланган 21:20 12.05.2016)
"Биринчи мугалимде" башкы ролду ойногон Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова Бишкекке "Ак Илбирс" киносыйлыгын тапшыруу салтанатына катышуу үчүн келди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маегинде актриса кыргыз киноөнөрү туурасында ой-пикирлери менен бөлүшүп, кесиптештери менен болгон мамилесин эске салып отурду.

 

Буга чейин киносынчы Гүлбара Төлөмүшова актриса Наталья Аринбасаровага дүйнөлүк кинөнөрүнө кошкон салымы үчүн сыйлык ташырыла тургандыгын айткан.

Советтик бул актриса киноэкранга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандарын, тагыраагы "Биринчи мугалимдеги" Алтынай менен "Жамийладагы" Жамийланын образын алып чыккан. Андан сырткары "Улан" тасмасында ойногон.

217
Белгилер:
"Жамийла" тасмасы, "Биринчи мугалим" кино тасмасы, "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы, Гүлбара Төлөмүшова, Наталья Аринбасарова
Тема боюнча
Бишкекке айтылуу Наталья Аринбасарова келди
"Ак Илбирс": Бишкекке Наталья Аринбасарова келет