"Ак Илбирс": Аринбасарованын жылмаюсу менен номинанттардын кубанычы

Жазылуу
Сынакка катышкандар 16 номинация боюнча ат салышып, анын ичинен он номинацияда "Сүтак" тасмасы жеңишке жетишти. Андан сырткары "Аруулук балдары","Шакек", "Биртууганчик" картиналары, чет элдик тасмалардын ичинен Өзбекстандан келген "Дом для русалок" кинофильми номинацияларга илинди.

Визит заслуженной российской актрисы театра и кино Натальи Аринбасаровой - Sputnik Кыргызстан
Наталья Аринбасарова: Кыргызстандын абасы кишинин демине дем кошот
Андан сырткары дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн РФтин эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова, ал эми улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн белгилүү режиссер Нуртай Борбиев сыйланды. 

Ал эми "Сүтак" тасмасында эрекектин мыкты ролу үчүн номанацияга ээ болгон КРдин эл артисти Табылды Актанов кино айдыңына кеч келип, сыйлыкты эрте алып жатканын айтып, элди күлдүрдү. 

Салтанатка кыргызстанданы киноөнөрүнө тиешеси бар чыгармачыл адамдар, коомчулук, өкмөт өкүлдөрү жана депутаттар катышты.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгынын расмий өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0