Ысык-Көлдөгү ат майдандын асмандан көрүнүшү. Курулуштун 70 пайызы аяктады

Жазылуу
Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Учурда бул жай оңдолууда.

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтындагы көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турчу саат - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнтөн баштап көчмөндөр оюнуна канча күн калганын санай турчу саат иштеп баштайт
Жаңыланган ат майдан эл аралык стандарттарга туура келерин Ысык-Көл районундагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин башкармалыгынын башчысы Адилет Абдыкадыров айтат.

Анын айтымында, учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калды. Жаңы ат майданында 10 миң киши отура турчу орундуктар орнотулду. Төрт кабаттуу административдик имарат жана 1 235 автоунаага ыңгайлашкан жер алдында автоунаа токтотуучу жай курулууда.

Долбоордун баасы 487 миллион сомду түзөт. Курулушту 15-августка чейин аяктоо пландалууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда өтүп, командалар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0