Германиянын балет бийчилери "Ак куу көлүн" Бишкекте бийлешти

Жазылуу
Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Германиянын артисттери Петр Чайкавскийдин "Ак куу көлүн" бийлешти.

Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү
Балеттин негизги бөлүгүн Мюнхен шаарындагы мамлекеттик Бавария балет театрынын бийчиси Екатерина Петина менен Эл аралык конкурстардын лауреаты Денис Вегиния аткарган.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева атындагы IV эл аралык балет искусствосунун фестивалы өтүүдө. Ал 15-майда башталган жана 21-майга чейин созулат.

Бул фестивалга Азербайжан, Армения, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын балет бийчилери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0