Комуздун коштоосундагы битбокс

Жазылуу
Комуз менен битбоксту айкалыштырган Аман Токтобаев мындай музыканын кандай жаралып калганын айтып берди.

Анын айтымында, битбокс менен алектенип жүргөнүнө 2,5 жыл болуп калды. Ал өзгөчө үн чыгарганды интернеттеги видеолордон эле үйрөнгөн.

Ал мындай өзгөчө таланты менен Кыргызстандагы X factor долбоорунун биринчи сезонунда жеңүүчү аталган.

"Башында битбокс менен эле чыгып жүрдүм. X Factor долбоорунун жеңүүчүсү болгондон кийин буга кыргыз музыкасын кошкум келди. Ошентип битбокс менен комузду айкалыштырдым", — дейт ал.

Алгач бир топ эле кыйын болгонун Токтобаев жашырган жок.

Бий таймаш — "Майкл Жексон" vs "Кара жорго"
Ал ошондой эле апрель айынын башында Кыргызстандагы өзгөчө таланттын ээлери Кытайдагы X Factor долбоорунун биринчи туруна барып, ал жактан ийгиликтүү кайтышканын билдирди.

"Улут жүзү" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ал жакка төрт киши барып биринчи турдан өттүк. Жакында экинчи турга барабыз", — дейт ал.

Токтобаев Улуттук университетти экология адистиги боюнча бүтүргөн.

Битбокс — кекиртек жана ооз менен өзгөчө үн чыгаруу стили. Көбүнчө мындай үндөр хип-хоп ырларында көп колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0