2013-жылдын жайында ТЭЦти модернизациялоо боюнча 386 миллион долларга бааланган долбоор башталган. "ТВЕА" кытай компаниясынын адистери эски жылытуучу түтүктөрдү алмаштырып, эки меш жана 150 МВт кубаттуу турбоагрегаттарды орнотот.
2017-жылы реконструкция аяктап, мештерге кыргыз көмүрү жагыла баштайт. Ал эми ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия иштеп чыгарат. Бул учурдагыга караганда эки эсеге көптүк кылат.
Кызыгы, сурамжылоого катышкан 16 депутаттын бири дагы туура жоопту айта алышкан жок. Кээ бири жаңы Баш мыйзам менен таанышып чыга электигин ачык эле мойнуна алды. Айрымдары парламенттин эмес, президенттин укуктары жазылган беренелерди эстеп калганы белгилүү болду.
Пархат Тулендыбаев, Аалы Карашев, Бактыбек Райымкулов, Төрөбай Зулпукаровдор суроону уккандан кийин качып кутулду.
Виртуоз-пианист Денис Мацуев өзүнүн музыкалык тобу менен майрамдык кечеде Георгий Свиридовдун "Время, вперед!" оркестрдик сюитасын аткарган. Бул композиция "Время" программасын коштогон музыка катары белгилүү.
Жүк ташуучу унаалар муз аянтында музыканын ыргагы менен ар кандай маневрларды аткарышты.
"Популярдуу механика" КамАЗ азыр 60тан ашык негизги моделдерди жана 1500 автоунаалардын толук топтомун чыгарарын белгилеген.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Санэпидкөзөмөл борборуна таянып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып каза болгон алты адам тууралуу маалымат таратты.
Борбордун адистери менен аймактык оорукананын дарыгерлери биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен уулангандар суу кошулган спирт ичишкени аныкталган.
"Ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү Кара-Суу айылынын 19 тургуну Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар салат, бешбармак жеп, суу кошулган спирт ичимдиктерин ичишкенин билдиришкен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик каза болгондордун баары Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгонун кошумчалап, аты-жөнү такталганын билдирген.
Маалыматта үч киши үйүнөн, дагы үчөө ооруканага түшкөндөн кийин көз жумганы айтылды. Аксынын оорукунасында бир адам дарыланууда, анын абалы орточо оор деп бааланып жатат.