Унаадан белине чейин чыгып алган бүтүрүүчүлөр милицияны көзгө илбей майрамдашты

Жазылуу
Милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган мектеп окуучуларынын майрам шаңын бузууга аргасыз болушту.

Акыркы коңгуроо майрамында жол эрежесин бузган шаар мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жоопкерчиликке тартыла турганын Бишкек ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Таалай Бугубаев билдирди.

Эскерте кетсек, жума күнү өлкөдөгү бардык мектептерде акыркы коңгуроо кагылды. Укук коргоо органдары коомдук тартипке көз салып, рейддерди өткөрүүдө.

"Бул күнү автобейбашчылык фактылары баарынан көп кездешет — бүтүрүүчүлөр жүрүп бараткан машинанын терезесинен белине чейин чыгып алат, айдоочулары карама-каршы тилке менен айдашат. Мунун баары кыйкырык-өкүрүк, ызы-чуу менен коштолот", — деди Бугубаев. 

Анын айтымында, мындай учурларда милиция аталган унааларды айып короого токтотуп, айдоочулар беш миң сомго чейин акчалай төлөмгө жыгылат.

"Балдардын майрамдык маанайын бузууга туура келет. Анан эмне кылмак элек? Мыйзам иштеши керек да. Анан калса алардын баары чоңоюп калышты, жоопкерчиликти сезиши керек", — деди Бугубаев.

Материал даярдалып жатканда ШИИБдин маалыматында акыркы коңгуроону майрамдоо боюнча эч кандай окуя катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0