Ажарлуу кыз жана даамдуу кымыз: өлкө сулуусу бээ сааганда

Жазылуу
Кыргызстандын сулуусунун колунан жасалган кымыз даамдуу болуп, көпчүлүктү тамшандырды.

Учурда бээнин сүтү табына келип, көпчүлүк мекендештерибиз сүт ичкени атайын жайларга барышууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн эң ажарлуу кызы Перизат Расулбек кызы менен биргеликте бээ саап, кымыз жасап көрдү. 

"Мен башында абдан толкундандым. Бир аз сааган соң көнө түштүм", — деди Расулбек кызы Перизат. 

Мисс Кыргызстан — 2016 сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Перизат Расулбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын сулуусу — 2016 менен алгачкы маек. Жеңиш, мырзалар жана "мээ" жөнүндө
Бээнин сүтүнөн Кыргызстан сулуусу кымыз жасап көрдү.

"Мен буга чейин кымыздын жасалышы боюнча көп эле уккам. Бирок алгачкы ирет өз колум менен жасап жатам. Жакшылап аракет кылса, даамдуу кымыз жасалчудай", — деди Расулбек кызы.

"Кыргызстан сулуусу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Кегетиге барып бээ саады.

Бээнин сүтүн жана кымызды туура ичүү боюнча маалыматты Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0