Жарылган ысык суу куурунан чыккан суу беш метрге жетип, 20 мүнөттөй атырылды

Жазылуу
Борбор калаадагы Бишкек Гуманитардык университетинин жанында ысык суу кууру жарылганын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу маалымдады.

"Түшкү саат үчтөрдөн кийин Чыңгыз Айтматов проспектисинде БГУнун жанында ысык суу кууру жарылды. Болжол менен атырылып чыккан суу 5 метр бийиктикке жетип, 15-20 мүнөттөй акты. Аны кызматкерлер келип оңдошту", — дейт окурман.

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Буга чейин Бишкек мэриясы 4-6-июнь күндөрү жылуулук тармактары текшерилерин жана куурлар жарылып, суу атырылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Өз кезегинде "Бишкекжылуулук тармактары" болгон окуя текшерүүлөрдүн айынан болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Эгер сиз кайсы бир окуяга күбө болуп, сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз, маалыматты биздин +996 706 566 544 WhatsApp номерибизге жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0