Атамбаев Кыргызстан КМШнын тармактык органдарын реформалоо сунушу колдорун айтты

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев бүгүн КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен жолукту.

Өлкө башчысы Кыргызстан КМШны трансформациялоо зарылдыгы жана уюмдун тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту колдогонун билдирди. 

"Ошол эле учурда биз реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактайбыз. Бардыгы ойлонулуп, эсептелиши керек. Азыркыдай жолугушуу жана талкуулар бардык өлкөлөрдүн көңүлүнө жагып, өз ара алгылыктуу чечим кабыл алууга өбөлгө болоруна үмүттөнөм", — деди ал.

Атамбаев КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышып жаткан делегация башчыларынын ишине ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0