БТР, жоокер жана иттер — Интернеттеги Актөбөдө өткөн атайын аскердик операция

Жазылуу
Видео социалдык тармактарга жайгаштырылган. Казакстандын Актөбө шаарында 5-июнда теракт жасоого ниеттенген деп шектелген жарандарды кармоо иштери улантылып жатат. Учурда алты кылмышкер изделүүдө.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда террорист деп изделип жаткандардын дагы бири кармалды
Жекшемби күнү кечинде белгисиз адамдар Актөбө шаарындагы курал-жарак саткан дүкөндү тоногон. Алар андан ары жолдо кетип бараткан автобусту күч менен токтотуп, аны менен Улуттук Гвардияга барып кол салган. Ал жердеги атышууда алты аскер кызматкери окко учуп, 38 кишиден ашыгы медициналык жардам үчүн кайрылган. 

Бүгүнкү күндө шаарга террорчулукка каршы операция режими жарыяланганын Новости-Казакстан агенттиги эскертет.

7-июнга карата Актөбөдө 13 террорчу жок кылынган. Ал эми алардын кол салуусунан жети адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0