Окурман унаанын мотору жулунуп, өтүп бараткан кызга тийген видеону жөнөттү

Жазылуу
Видео жазмада күңүрт түстөгү унаа кесилиш жолдон өтүүгө аракет жасаганы көрүнөт. Бирок аны аркасынан келе жаткан унаа коюп кетет. Кагышуудан улам кара түстөгү унаа катуу ылдымдыкта даракты барып бир сүзгөн.

Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жол кырсыгынын сырттагы камерага тартылып калган видеосун жөнөттү. 

Жекшемби күнү Бишкекте жол кырсыгы катталып, төрт унаанын кагылышуусунан беш адамдын жабыркаганы айтылган.

Күбө кырсыктан унаанын мотору жулунуп, өтүп бараткан кызга тийгенин тартып алган - Sputnik Кыргызстан
Күбө кырсыктан унаанын мотору жулунуп, өтүп бараткан кызга тийгенин тартып алган
Окурман жиберген видео жазылмага күңүрт түстөгү унаа чоң ылдамдыкта кесилиш жолдон өтүүгө жетишпей калганы тартылып калган. Мындан улам анын аркасынан келе жаткан унаа аны коюп кетет. Кагышуудан улам кара түстөгү машина катуу ылдымдыкта даракты барып бир сүзөт. Унаанын даракты сүзгөнү жана моторунун чыгып кетиши видеодо так көрүнбөй калган. Себеби окуя камеранын объектисинен ары жакта уланган. 

Күзөт милициясынын башкармалыгы кырсыктын убактысы менен дареги видеого дал келерин тастыкташты. 

Унаанын моторунан жабыркаган кыздын абалы азыр жакшы экенин ооруканадан кабарлашты.

Эгер сиз кайсы бир окуяга күбө болуп, сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз, маалыматты биздин +996 706 566 544 WhatsApp номерибизге жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0