"Кыргызстан сулуусу" сынагын Нурпери Акылова жеңип алды

Жазылуу
Борбор калаада өткөн сулуулар конкурсунда баш байге үчүн 26 сулуу ат салышкан.

Кечээ, 8-июнь күнү Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагы өттү. Анда 26 сулуу баш байге үчүн ат салышып, натыйжада Нурпери Акылова жеңүүчү болуп тандалды. 

Иш-чараныны уюштуруучусу Амина Юсурованын айтымында, алдыңкы үч орунду алган кыздар эл аралык сулуулук конкурсуна катыша алат. 

"Сынактын жеңүүчүсү рубинден жасалган таажы кийди. Конкурс таза өтүп, кыздарды 15 калыс баалады", — деди Юсурова. 

Ушул эле сынакты былтыркы жылы Дайана Өмүралиева утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0