Тилсиз жоого кабылган үй: түшүп кеткен чатыр, кара көө болгон дубалдар

Жазылуу
Тилсиз жоо 1000 чарчы метрди каптап, өрт өчүрүүчүлөрдүн шаштысын кетирди.

Кечээ, 23-июнда саат 20:30дар чамасында Панфилов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдө өрт чыгып, жогорку кабаттары, жалпы жонунан 1000 чарчы метр аянт күйүп кетти.

Имараттын айланасы тосулуп, электр энергиясы, көгүлтүр от өчүрүлгөн.

Өрттүн жайылышы болжол менен саат 23.13тө чектелген.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

Күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0