(2:56 / 18.02Mb / )

Чет элдик жаранды бишкектик таксисттер алдайбы социалдык эксперимент

1425
(жаңыланган 20:49 24.06.2016)
"Чет элдик" жаран Бишкектин борборунан жана Ош базарынан таксисттерден жардам сурады. Социалдык эксперименттин жыйынтыгы аны абдан таң калтырды.

"Бишкектеги чет элдик" аттуу социалдык эксперимент аркылуу шаардык таксисттердин чынчылдыгын текшерип көрүүнү чечтик.

Кайырчынын акчасын уурдап кетти — социалдык эксперимент
© Sputnik / Эмиль Садыров , Эркин Алымбеков
Сценарий боюнча "чет элдик" жаран "Ала-Тоо" аянтында турган таксисттерге келип борбордук аянтка баруу канча сом турарына кызыгып көрдү.

Алты айдоочунун бешөө Ала-Тоо аянты ушул жер экенин айтып, бир аз гана басса ага жетерин айтышты. Бир гана таксист 100 сом сурады.

"Чет элдик" жарандын ролун аткарган Михаил Дудин Ош базары жакка барып, ал жакта турган таксисттерден Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишине баруу канча сом турарына кызыкты. 14 кишинин жарымы ал жакка жөө басып эле жетип алса болорун билдиришти. Алты киши 80-100 сомго жеткирерин айтышса, бир айдоочу ал жакка чейин 5 доллар аларын билдирди.

Эксперименттин жыйынтыгында Дудин Бишкекте турист болуу анчалык деле коркунучтуу эмес деген жыйынтыкка келди. Себеби, туристтерди эч ким алдап кетейин деп аракет кылбайт.

"Бишкекте туристтерге болгон мамиле абдан жакшы экен, аларга күлүп айрым учурларда "Хэлло" деп саламдашкандар дагы болду. Бишкек чындап эле коопсуз шаар, сени алдап кетейин дегендердин саны өтө деле жогору деп ойлобойм", — дейт ал.

Социалдык эксперименттердин максаты жарандардын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана аларды башкаларга дайыма жардам берүүгө үндөө болуп саналат. 

1425
Белгилер:
социалдык эксперимент, турист, такси, Бишкек
Тема:
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)
Тема боюнча
Бишкектеги соцэксперимент: "ала качып" бараткан кызга жардам бере аласызбы?
"Бензин жок калды" соцэксперименти: Болот Ибрагимов айдоочулардан акча сурады

Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

169
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын жашоочулары согуштан кийин акырындык менен үйлөрүнө кайта баштады. Аларга россиялык тынчтык орнотуучулар менен ӨКМ куткаруучулары жардам берүүдө.

Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.

Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.

169
Белгилер:
жашоо, эл, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?

Майк Тайсон менен Рой Жонстун көз караштар таймашынын видеосу

675
(жаңыланган 14:39 28.11.2020)
Беттеш сегиз раундга, анын бир бөлүгү эки мүнөткө ылайыкташкан. Мушкерлер шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Кесипкөй бокстун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс кенжеси беттеш алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөрдү. Тайсон атаандашынан 5 килограммга оор болгонун Р-Спорт маалымат булагы жазып чыкты.

Беттеш 28-ноябрда АКШнын Калифорния шаарында өтөт. Жума күнү өткөн таразага түшүү аземинде америкалык Майк Тайсон 220,4 фунт (99,97 килограмм), ал эми анын атаандашы Россиянын жарандыгын алган Рой Жонстун салмагы 210 фунт (95,25 килограмм) чыккан.

Кайрымдуулук беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, Тайсондун командасынын спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында айткан өтүнүчү менен уюштуруучулар аны кийинкиге жылдырышкан.

Беттеш сегиз раундга ылайыкташкан. Ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген. Алар шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Таймаштагы эсепти Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) өкүлдөрү жүргүзөт. ЖМКларда айтылган маалыматтарга ылайык, бул беттештен Майк Тайсон 10 миллион доллар гонорар алат, ал эми кенже Рой Жонс үч миллион доллардын тегерегинде пайда табат.

Sputnik Кыргызстан ата мекендик көрүнүктүү бокс чеберлери, машыктыруучулардын бул беттешке болгон болжолдорун билип көргөн.

675
Белгилер:
беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

0
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш