Бишкек шаарынын жанындагы ГЭС-2 районунда жайгашкан "Кыргызстан" жаңы конушун үч кишиден турган үй-бүлө байырлап келет. Жакында аларга дагы бир наристе кошулат. Баары кадимкисиндей, болгону — үй ээси жок. Балдардын атасы төрт ай мурда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен күчүктү куткарам деп сууда чыга албай каза болуп калган.
"3-март күнү Аламүдүн районунда "Кыргызстан" жаңы конушунун 43 жаштагы тургуну каналга түшүп кеткен күчүктү алып чыгам деп каза болду. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерине өткөрүлдү", — деп айтылган ӨКМ тараткан билдирүүдө.
Үч айдан соң маркумдун жесири Айзат Маматалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, ижарага алган турак жайда күйөөсүз эки бала менен кош бойлуу болуп калуу эмне деген кыйынчылык экенин айтып берди.
"Тигүү цехинде керелден кечке иштөөгө туура келет. Кыздарымдын курсагын тойгузуп, төрөп калсам дагы бир 2-3 айга акча топтоп алышым керек. Бала торолуп калса кайра жумушка чыгам. Жардам сурап эч кимге барган эмесмин. Бирок биздин абалыбыз тууралуу билгендер Интернетке жайгаштырып коюшуптур. Ошондон кийин кир жуугуч машина менен муздаткыч белек кылышты. Кыргызстандыктардын ушундай камкор экенинен ыраазы болдум", — деди Айзат.
Айзаттын улуу кызы 7-классты аяктады. Энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алган да ушул кыз. Азыр бир жарым жаштагы сиңдисин карайт. Жакында эле алардын үйүнө неберелерин каникулга айылга алып кетүү үчүн кыздардын чоң энеси келген. Келинин да алып кетейин дейт, бирок Айзат жумуштан куру жалак калбайын деп болбой койгон.
Мухтар Садиев Бишкекте куруучу болуп иштеген. Айзаттын айтымында, күйөөсүнүн көзү барда ал мынчалык көп иштечү эмес. Үй ээси там салам деген тилегине жетпей калганын айткан Айзат эми ал түйшүктүн баарын өз моюнуна жүктөп отурган кези.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.