Депутаттар сессияны Кыргызстандын гимнин ырдап аякташты

Жазылуу
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутаттары жайкы эс алууга тарады.

Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков убакыт учкан куш экенин айтып, кабыл алынган мыйзамдар коомчулукка пайда алып келет деп ишене турганын айтты.

"Алдыдагы шайлоочулар менен жолугушууларга ийгилик каалайм. Жайкы эс алууңуздар ийгиликтүү болсун", — деди төрага. 

Алтынчы чакырылыштагы депутаттар сегиз ай иштеп жайкы эс алууга чыкты. Парламент өз ишин кайрадан сентябрь айында баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0