Кыргызстандагы мыкты архитектуралык эстеликтердин бири — Караколдогу мечит

Жазылуу
Кыргызстанда ар кайсы доордогу архитектуралык маданий эстеликтер бар. Караколдогу андай байлыктардын катарында бир да мык урулбай, жыгачтан салынган дунган мечити.

Ажайып Кыргызстан: жомоктогудай Жомок каньону - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: жомоктогудай "Жомок" каньону
Имарат 1910-жылы бир дагы мык колдонулбастан салынган. Ал үч жылда курулуп бүткөн. Куруу иштерин кытайлык Чжоу Сы аттуу уста колго алган. Устундары оймолоп кооздолуп, сырттан караганда өзүнчө бир көрк берет. 

Курулуш материалдар даярдалып бүткөндөн кийин мечит үч айдын ичинде тургузулган. Бардык мусулман мечиттериндей эле имараттын айнектери кыбыланы карап турат. 

Узундугу 27 метр,туурасы 15 метрди ал эми шыбынын бийиктиги 4 метр 15 см. Аны куруу үчүн Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана теректер колдонулган.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0