Кайыңды шаарында бир үй-бүлө жашайт, жетиге эми толоюн деген эркек бала менен төрт жашар кыз. Буларга баш-көз болгон адам буту баспаган, майып таянеси. Мурда булар төртөө болучу, оокаттын айынан энеси Бишкекке акча табам деп кетип, эми андан дайын жок.
"Кызым жегенге тамак-ашыбыз жок калганда Бишкекке акча табам деп кеткен. Көпкө чейин жоголуп кетти. Бир күнү эле мени ала качып кетишти, күйөөгө тийдим деп телефон чалды. Тоолордун арасында жашап жүрөм, кантип чыгарымды билбей жатам дейт. Токтогулдамын деди окшойт. Эми ал чоң эле аял да, эмне кыларын өзү билет эмеспи", — деди улгайган аял.
Ал башка бирөөлөргө арыз-муңун айткандан жазганат, себеби, социалдык атайы кызматтар неберелерин алып кетип калат деп коркот.
"Өз алдымча да, таяк менен да баса албайм. Жардам сурап да эч жакка арызданып, кайрылгым келбейт. Неберелеримди алып кетип калышсачы. Анда өлүп калам го… Мени өлтүрүп эле алып кетишпесе, эч кимге бербейм. Кол куушуруп да отуруп калгым келбейт. Квартирамды сатайын дегем, бирок, болбой жатат. Сатып, кичи мекениме, Таласка кетсем деген оюм бар", — деди балдардын таянеси.
Азырынча ага кошунанын кызы менен улуу небереси каралашып жатат. Бала тамак жасаганды үйрөнүп алыптыр. Баарынан картошканы жакшы куурат экен. Эми нан жасаганды үйрөнө баштаптыр.
Материалды жарыялар алдында аны менен байланышканыбызда, жей турган азык-түлүгү түгөнгөндүгүн айтты.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.