Тез татымда иштеген бала жол тыгынды жөнгө салууда. Ыраазысы да, нааразысы да бар

Жазылуу
Борбор калаанын Фрунзе көчөсү жана Манас проспектисинин кесилишинде электр кубатынын жоктугунан улам светофор иштебей, жол тыгын пайда болгон.

Тез татым борборунда иштеген Медер аттуу жигит жол тыгынды жөнгө салууда. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.

Рулда отургандар арасынан тез татымдагы жигитке ыраазы болуп сигнал берип, күтүп калганына нааразы болуп сөгүп кеткен да кишилер болду деп жазган окурман. 

Кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp номери +996 706 566 544 боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0