Катуу жааган жаандан улам Боом капчыгайындагы унаа жолду кайтадан суу каптады

Жазылуу
Бул көрүнүш Ысык-Көлгө эс алууга бара жаткандарга кыйынчылык жаратууда.

Бишкек — Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүн дө катуу жааган жаандан улам унаа жолду кайтадан тизеден келген суу каптаганын окурман WhatsApp номери аркылуу кабарлады.

Бишкек — Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндөгү автоунаалар. - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Балыкчы жолун каптаган суу ары-бери каттагандарга кыйынчылык жаратты
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тактап жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин жамгырдан улам Боом капчыгайындагы Бишкек — Нарын — Торугат каттамынын асфальтталган жолун тизеге чейин суу каптап, ары-бери өткөндөргө кыйынчылык жараткан.

Кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp номери +996 706 566 544 боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0