Көздөгү жалын, жүрөктөгү сезим. Алмазбек Атамбаев спортчуларды кабыл алды

Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Рио-де- Жанейро шаарында өтө турчу 31-жайкы олимпиадалык оюндарга катышчы спортчуларды кабыл алып, аларга өлкөнүн желегин тапшырды.

Ал өз сөзүндө спортчуларды жеңиши бир гана алардын эмес, бүтүндөй кыргызстандыктардын жеңиши экенин баса белгиледи. Атамбаев ошондой эле жеңишти камсыз кылууда мамлекеттин чоң же кичинекейинен маанилүү эмес, ал мамлекеттин спортчуларынын максаттары, мекенге болгон сезимдери маанилүү экенин баса белгиледи.

"Силердин алган байгелериңер Кыргызстандын 25 жылдык эгемендүүлүгү үчүн өзгөчө белек болот", — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бул олимпиадаларга Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышып, өлкө намысын коргойт. Кыргызстандын желегин Арсен Эралиев көтөрөт.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0