Ажайып Кыргызстан: атагы аалам жарган Арстанбап

Жазылуу
Кыргыз элинин уламыштарында айтылган ажайып кооз жаңгак токою Жалал-Абаддан 76 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Шамси капчыгайы. Бул ажайып жер Чүй облусунда жайгашкан жана Кегети өрөөнүнө кирет - Sputnik Кыргызстан
Саякатка чакырган Кыргызстандын ажайып он беш сүрөтү
Арстанбап — дүйнөдөгү эң ири жаңгак токою болуп саналат. Анын жалпы аянты 608 миң гектарды түзүп, 30 метрге чейин жеткен бактар өсөт. Токойдогу айрым бактар 1000 жылды карытканы айтылып келет.

Уламыштардын биринде Александр Македонскийдин аскери Талас өрөөнүндөгү көчмөндөр менен согушуудан алсырап, анан калса ысыкта суусуз калып абдан кыйналат. Жоокерлер ооруп, ачкачылыкка тушугуу коркунучу күч алат. Ошондо жергиликтүү эл дартка даба болчу өсүмдүк менен дарылай баштайт. Жаңгак жумурга жук болуп, кабыгынын кайнатмасы бир нече саатта оорудан айыктырат. Александр жаңгактын көчөттөрүн Александрия менен Македонияга жеткирүүнү буйруп, ошентип дүйнө жаңгак деген кереметке ээ болот.

Арстанбап коругу — туристтердин сүйүктүү жери. Анда Көл-Мазар көлү, Бабаш-Ата тоосу жана шаркыратмалар бар. 

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0