Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар

Жазылуу
Айыл тургундары селдин кесепетинен аймакка келүүчү суу да токтоп, элдин турмушу күндөн-күнгө оорлоп баратканын айтышууда.

Баткен районунун тоолуу Зардалы айылында миңге жакын жашоочулар жолсуз калып райондун борбору менен байланыша албай курчоодо калганын айыл тургуну Ахмат Жаркынбаев билдирди.

Белгилей кетсек, аталган аймакта сел жүрүп, көпүрөнү алып кеткен болчу.

Жаркынбаевдин айтымында, айылга баруучу жалгыз көпүрө менен 3 миң метр бийиктиктеги чыйыр жолду сел алып кеткен.

"Жергиликтүү элдин татаал турмушу ого бетер кыйындады. Зардалы айылында ушул тапта миңге жакын жашоочу бар. Алар учурда өрүктөрүн кургатып, мал жандыктарын жайытта кармап турган кези. Жолдун жабылып калгандыктан андан өтүү үчүн эл аргасыз ар кандай кадамдарга барып жатат", — дейт Жаркынбаев.

Ал селдин кесепетинен айылга келүүчү суу да токтоп элдин турмушу күндөн-күнгө оорлоп баратканын айыл тургундары бир ооздон айтып жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0