Аялын муунтуп өлтүргөн Бишкек шаарынын тургуну окуянын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
32 жаштагы жаран аялын муунтуп салгандан кийин өзү да өлүүгө аракет кылганын, бирок алты жаштагы баласы аны сактап калганын билдирди.

4-августка караган түнү Бишкекте аялын муунтуп өлтүргөн жаран тууралуу Кайгуул милициясы кабарлаган. 

Эс-учун жоготуп каза болгон жети жашар Тахмина. Солкулдап ыйлаган таеже
32 жаштагы жаран балдызы, балдызынын кызы жана улуу баласы болуп кечинде жакшынакай эле чай ичкенин билдирди. Балдызы кызы менен саат 10.30дарда эс алабыз деп үйүнө кеткен.

Үй ээсинин айтымында, үй-бүлө буга чейин чыр-чатактын айынан эки ажырашып жүрүшкөн. Алгач эркек өзү асынып өлөйүн деп аракет кылганда аялы "чогуу өлөбүз" деп токтотуп калган. Андан кийин жоолукту ары басып кеткен келиндин мойнуна салып, беш мүнөттөй муунткан. Мурдунан кан акканда гана токтоп, уктап жаткан баласы менен балдызын ойготкон. 

Эмне кылып салганын түшүнгөн эркек өзү да өлүүгө аракет кылган. Бирок аны алты жаштагы баласы сактап калган. Тез жардам келгенден кийин милиция чакыртып, баарын мойнуна алып, көрсөтмө берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0