(1:27 / 9.24Mb / )

Оңдоп-түзөлө турган Ысык-Көл мейманканасынын абалы видеодо

136
(жаңыланган 19:09 15.08.2016)
Бийлик эски имаратты жаңылап курууну пландап жатат. Долбоордун болжолдуу суммасы 65 миллион долларды түзөт.

Кыргызстандын өкмөтү бир нече жылдан бери иштебей турган Ысык-Көл мейманкана комплексин реконструкциялоону пландап жаткандыгы тууралуу Инвестицияны өнүктүрүү агенттигинин сайтына жарыяланды. 

Мейманкананын имаратына оңдоо иштерин жүргүзүү менен ага дагы бир нече кабат кошуу пландалып жатат (38 люкс номер, анын сегизи президенттик бөлмөлөр).

Долбоордун суммасы — 64,92 миллион долларды түзөт. Бул каражат төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • 19,35 миллион — имаратты оңдоо иштерине (ресторан, отель);
  • 12,16 миллион — вестибюль, кабылдама залы, банкет залы. Ошондой эле имаратка сегизинчи жана тогузунчу кабаттарды кошуп куруу;
  • 2,21 миллион — жер астындагы унаа короо (170 унаа);
  • 21,88 миллион — 16-этаждуу блогго "президенттик аппартамент" менен жер астындагы унаа токтотуучу жай куруу;
  • 9,32 миллион — жер астындагы унаа короосу менен конгресс-холдун курулушу.
136
Белгилер:
кайра куруу, оңдоо, мейманкана, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көлдө бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Видео

80
(жаңыланган 11:32 24.10.2020)
Бул клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Бишкекте 100 орунга ылайыкташкан оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы имараттын жалпы аянты 2 310 чарчы метрди түзүп, ал коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу максатында өкмөттүн буйругу менен салынды.

Курулуш иштери 2020-жылдын 23-июлунда башталып, августтун соңу менен бүтмөк. Эки айга кечиккен корпус жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Жаңы оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында жайгашкан жана изоляцияланган бокстардан, реанимациядан турат.

Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди

Клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Бул инфекциялык ооруулар менен иштөө үчүн иштелип чыккан, аба жана саркынды сууларды толугу менен зыянсыздандырган жана индивидуалдуу аба соргучу бар мельцер бокстары бар.

"Ооруканага 180ге жакын медициналык жабдыктар, эмерек, ошондой эле тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир мобилдик рентген аппараты, 10 даана өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараты (ИВЛ), 20 даана жогорку агымдуу кычкылтек менен камсыз кылуучу аппарат (БИПАП), 62 даана кычкылтек менен каныктыруу аппараты орнотулду. 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык аппарат, 26дан ашык бейтаптарды индивидуалдуу түрдө көзөмөлдөө аппараты жана 1 көчмө УЗИ аппараты менен жабдылды", — деп айтылат маалыматта.

Жандандыруу блогу залдан, обочолонгон интенсивдүү терапия бокстарынан жана оор абалда жаткан бейтаптар үчүн күнү-түнү реанимациялык чараларды камсыз кылган палаталардан турат. Реанимация бөлүмүндө 30 керебет бар. Дарылоочу жана реанимациялык бокстар заманбап жабдуулар жана оорулуунун жашап кетүүсүнө кубат берүүчү жабдыктар менен жабдылган. Бардык палаталарды борбордук кычкылтек менен камсыз кылуу уюштурулганы айтылды.

80
Белгилер:
курулуш, оорукана, жугуштуу инфекция, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрылуу керек? Телефондор
Кыргызстандагы коронавирус: 582 киши ооруп калды, 324 бейтап сакайды

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчыларынын жыйыны. Видео

188
(жаңыланган 17:22 23.10.2020)
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда, Россия Федерациясына барган. Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуулардын соңунда Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров журналисттерге маалымат жыйын курду.

188
Белгилер:
түз эфир, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев Россияга барып, реформа жүргүзүүгө каражат сурады
Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту
Беткап кийип мектепке бараткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

0
(жаңыланган 14:00 24.10.2020)
ДССУ жетекчисинин айтымында, дүйнө COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турат. Өзгөчө түндүк жарым шары абдан кооптуу абалда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
ден соолук, мектеп, пандемия, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды