(1:27 / 8.91Mb / )

Ажайып Кыргызстан туристтерди сары оору кылган Соң-Көл

334
(жаңыланган 18:46 16.08.2016)
Соң-Көл борбордук Тянь-Шандын бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жайгашкан.

Аянты боюнча Ысык-Көлдөн кийинки орунда туруп, Нарын шаарынан 90 чакырым алыста жайгашкан. Аны тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт. Соң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суу куюп турат. 

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

334
Белгилер:
асмандан көрүнүш, көл, балык, туризм, Соң-Көл
Тема:
"Ажайып Кыргызстан" (32)
Тема боюнча
Ажайып Кыргызстан: Беш-Таш улуттук паркы
Ажайып Кыргызстан: ыйык Сулайман-Тоо
Ажайып Кыргызстан: Өзгөн мунарасы

Макгрегор менен Порьенин жакында болчу беттешине арналган видео

75
(жаңыланган 12:17 14.06.2021)
UFC өзүнүн YouTube каналына Дастин Порье менен Конор Макгрегордун боло турган үчүнчү беттешине арналган проморолик чыгарды.

Мушкерлер 11-июлда Лас-Вегаста өтө турган UFC 264 турниринде беттешет. Алардын октагондо жолугушуусу аталган иш-чаранын башкы окуясы болот.

Буга чейин Порье атаандашы Макрегор менен кармашуу үчүн титулдук беттештен баш тартканы анык болгон. Ал Хабиб Нурмагомедов кеткенден кийин бошогон жеңил салмактагы орун эле.

Кийинчерээк чемпиондук титулду бразилиялык Чарльз Оливейра атаандашы Майкл Чендлерди жыга коюп жеңип алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун биринчи кармашы 2014-жылы сентябрь айында болгон. Анда Макгрегор атаандашын биринчи раундда жеңип чыккан. Экинчи кармаш 2021-жылдын январында өтүп, Порье техникалык нокаут менен уткан эле.

75
Белгилер:
беттешүү, UFC, Конор Макгрегор, Дастин Порье
Тема боюнча
Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC Вегас 28 турнириндеги кызыктуу кармаштардын видеосу

Кылыч менен торт кескен Елизавета IIнин видеосу

129
(жаңыланган 11:14 14.06.2021)
Чоң жетиликтин башчыларынын кездешүүсүнүн урматына өткөн иш-чарада ханыша Елизавета II өз колу менен торт кести.

Улуу Британия ханышасы Елизавета II G7 саммитинин катышуучуларын тортту адаттагыдан башкача кесип таң калтырды. Иш-чара Корнуолл графтыгында болгон.

Видеодон Елизавета IIнин кылыч көтөрүп басып келе жатканын көрүүгө болот. Жакшылап караган киши ал салтанаттарда пайдаланчу кылыч экенин байкайт.

Бул иш-чара саммиттин башталышында Корнуоллдогу "Эдем долбоору" деп аталган ботаникалык бакчанын аймагында болгон. Ханышаны келиндери Камилла Паркер-Боулз жана Кэтрин Миддлтон коштоп жүргөн.

Елизавета II ал жерде тургандарды тамашасы менен жылмайткан. Ханышага тортту кескенге адаттагы эле бычак бар экенин айтышканда, "билем, бирок бул адаттагыдан башкачараак да" деп тамашалаган.

Ханыша азыр 95 жашта.

Чоң жетиликтин саммитинин ачылышы (G7) жума күнү Англиядагы Карбис-Бэй шаарында болгон.

129
Белгилер:
тамаша, торт, кылыч, Елизавета II, Улуу Британия
Тема боюнча
100 жашка чыккан. Ханыша Елизаветанын жубайы Филипп II көз жумду
Британия ханышасы Елизавета II Садыр Жапаровду куттуктады
Бишкек шаары. Архив

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. График

0
(жаңыланган 20:01 14.06.2021)
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери электр жабдууларын оңдоп, көмөк чордондорду тейлейт. Мындан улам шаардын айрым көчөлөрүндө жана жаңы конуштарда жарык убактылуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшемби, 15-июнь күнү, Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-18:00 — Стадионный, Адыгене, Улан, Эркин-Тоо, Азия, Төрт-Көл, Жетиген көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ынтымак жана Арча-Бешик конуштарында;
  • 9:30-11:00 — Совмин дачаларында;
  • 9:30-17:00 — 10-кичи райондогу №10 үйдө, 11-кичи районунда (№ 1-5, № 63 мектеп);
  • 9:40-16:00 — Учкун (Үч-Тулга, Ауэзов, Казан-Булак жана Учкун көчөлөрү) жаңы конушунда;
  • 9:40-18:30 — Хмельницкий, Хвойный, Тульский, Широкий, Андижан, Наманган, Адыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Коллекторный, Адыр, Цветочный, Чирчикский туюк көчөлөрү;
  • 10:00-17:00 — Көк-Жар (Босого, Арстанбап, Сайма-Таш, Көк-Жар, Тон, Ой-Терскен, Жеңижок, Шабдан баатыр, Конорчок, Куйручук көчөлөрү) жана Кара-Жыгач конуштарында;
  • 10:30-17:00 — № 1 мамлекеттик резиденцияда.
0
Белгилер:
Бишкек, жарык берүү, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы