Келишимдүү ахалтекин аргымактарын Кыргызстанга учак менен ташып келишти

Жазылуу
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган Түркмөнстандын биринчи делегациясы келди деп билдиришти Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен.

Түркмөнстан делегациясы өздөрү менен кошо ахалтекин аргымактарын ала келишти. Бул келишимдүү аттар менен алар II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кырчын жайлоосунда аттын кулагы менен тең ойноп, татаал номерлерди аткарышмакчы.

Аталган өлкөдөн келген делегация атактуу "Галканыш" жана "Түркмөн жигиттери" тобунан турат. Каскадерлор Көчмөндөр оюнунда эл оозунда "жигитовка" деп аталган эң татаал акробатикалык жана гимнастикалык оюндарды ачтан көрсөтөт.

"Биз Кыргызстанга биринчи ирет келип отурабыз. Көрсөткөн оюндарыбыз Кыргызстан элинин купулуна толот деп ишенебиз. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып жатканыбызга абдан кубанычтабыз",— деп айтты, каскадерлордун "Галкыныш" тобунун жетекчиси Пыгы Байрамдурдыев.

Кытайдан аттанган маданият жана шериктештик кербени - Sputnik Кыргызстан
Кытай кербенчилери кыргыз жоокерлеринин коштоосунда Балыкчыга бет алышты
Түркмөнстандан жалпысы 17 өкүл келген. Делегация оюндарга даярданып, климатка ыңгайлашуу үчүн дароо эле Ысык-Көлгө жөнөп кетти.

II Дүйнөлүк көчмөндөр Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт. 

Мында 35 мамлекеттен келген спортчулар күрөш, салбурун, жаа атуу, интеллектуалдык оюндар жана спорттун башка түрлөрү боюнча ат салышат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0