Казак чек арачылары КР жаранынын жасалма бутунан баңгизат алып чыкты

Жазылуу
Казакстандык чек арачылар республикага жасалма бутунун ичине баңгизат алып кирүүгө аракеттенген Кыргызстандын атуулун кармады. Бул туурасында ыкчам түрдө тартылган видеодон көрүүгө болот.

Казакстандын чек ара кызматынын билдиргенине караганда, "Кордай" көзөмөл өткөрүү жайындагы кызматкерлер өлкөгө жөө кирген Кыргызстандын жаранын кармаган. Бул тууралуу "Новости-Казакстан" маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Паспорттук текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин терминалдагы кызматтык ит анын жасалма бутунун тизе жагын көбүрөөк жыттап туруп алган. Текшере келгенде протезинен 650 граммдык нашаа табылган", — деп айтылат маалыматта. 

Нашаа ширеңкенин 19 кутусуна салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0