Кытай элчилигиндеги жардыруу жана Delica унаасы видеокамерага түшүп калган

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Кытай элчилигинин алдындагы жардыруу жана Mitsubishi Delica унаасы түшүрүлгөн видеону тартуулайт.

Терактынын күбөсү Светлана Качесова Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине Кытай элчилигиндеги жардыруу жана Delica унаасы тууралуу милиция кызматкерлери эмнени сурагандыгын айтып берди.

Белгилей кетсек, шейшемби күнү эртең менен жан кечти Бишкектеги Кытай элчилигине Delica унаасы менен кирип барып өзүн жардырган. Терактыдан үч адам жаракат алган.

"Жарылуу болгон учурда элчиликтен 300 метрдей алыстыкта жайгашкан дүкөнүбүздө болчум. Абдан катуу добуш угулуп, терезелер титиреп кетти. Кошуналарыбыздын керебетте жаткан балдары кулап да кетишиптир. Анан эле милиция кызматкерлери келип, Delica унаасы тууралуу сурап баштады. Мен буга чейин ал машинаны көргөн эмесмин", — деди Качесова.

Аталган факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери уланууда.

Кытай элчилигиндеги жарылуунун чоо-жайын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0